14.02.2024
Кароолор: (83)
Коллегия өткөрүлдү

Бүгүн, мэриянын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Акматжан Кадырбековичтин, жетекчилердин катышуусунда коллегия өткөрүлдү.
Коллегиянын күн тартибинде “2023-жылдын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жана 2024-жылга милдеттери жөнүндө” маселеси каралды.
Коллегиянын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Акматжан Кадырбекович шаар тургуну Энокян Шалва Зиноповичке Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, улуттар аралыке достукту, ынтымакты арттырууга, жаштарды биримдикке, мыйзамды сыйлоого жана мекенди сүйүүгө тарбиялоого кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалын тапшырды. Мындан сырткары, мэрдин биринчи орун басары Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн “Кара-Көл шаарына ак ниет кызматы үчүн” медалы менен сыйланды.