26.05.2026
Кароолор: (10)
КӨЙГӨЙЛӨР АЙТЫЛЫП,ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
Бүгүн, 26-майда Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаев шаардагы Бекташ, Завод, Төш-Мазар, Канат, Ак-Кыя-1,2 көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту.
Жолугушууда шаар тургундары тарабынан Ак-Кыя-1 көчөсүндөгү таза суу, Бекташ көчөсүнүн жолу жамгыр жааганда көлчүккө толуп, чуңкурлары көп экени, №4 мектепте дем берүүчү гранттын алкагында жылуулук түтүктөрүнүн жаңылануусу качан башталары, мектептин окуу бөлмөлөрүнүн ремонту ата-энелер тарабынан жасалабы же мугалимдер тарабынанбы, ошондой эле мектептин техперсоналдарына төлөнүүчү эмгек өргүүнү эсептөө шарттары боюнча суроолор көтөрүлүп, бир катар сунуштар айтылды.
Шаар башчысы көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмө берип, көйгөйлөрдү этап-этабы менен чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдирди.
Жыйынга шаардын прокурору Ильичбек Исамамбетов, ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Төлөнов жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы Нурканбек Медетбеков катышып, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, балдардын коопсуздугу жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү көрүнүштөрдү болтурбоо, алдамчылык жана киберкылмыштардын алдын алуу багытында шаар ичинде болуп жаткан фактыларды мисал келтирип, тургундарга түшүндүрмө жана маалымат беришти.
Мындан сырткары, 29-майда өтүүчү «Акыркы коңгуроо» иш-чарасына байланыштуу ата-энелерге балдардын коопсуздугуна жана саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу сунушталып, алдын алуу чаралары түшүндүрүлдү.





