29.05.2026
Кароолор: (7)
КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫН, КАРАЛГАН МАСЕЛЕЛЕР
Бүгүн, 29-майда Кара-Көл шаарында шаардык коллегиянын отуруму өттү. Жыйынга шаар мэри Эдилбек Тажимырзаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
Коллегиянын күн тартибинде шаар тургундары үчүн маанилүү болгон эки маселе каралды. Алардын бири — Кыргыз Республикасынын “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Мыйзамынын негизинде медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер болсо, экинчиси — балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси болду.
Талкуунун жүрүшүндө сунуштар айтылып, айрым толуктоолор киргизилди. Жыйынтыгында тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмалар берилди.




