Көрүүсү начарлар үчүн версия

09.03.2026

Кароолор: (2)

КЕЗЕКТЕГИ ПЛАНДОО ЖЫЙЫНЫ

Бүгүн, 9-мартта Кара-Көл шаардык мэриясында кезектеги пландоо жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга шаар мэринин орун басары Манас Абдыкалыков жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Аталган иш-чарада шаардагы иштердин жүрүшү талкууланып, алдыдагы милдеттер боюнча бир катар маанилүү маселелер каралды. Атап айтканда, шаар аймагында санитардык тазалыкты камсыз кылуу максатында ар жумада ишембилик өткөрүү боюнча тапшырма берилди. Ошондой эле алдыда келе жаткан Нооруз майрамына карата даярдык иштерин уюштуруу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жарандарга маалымат берүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүү маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле шаар аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды мыйзам талаптарына ылайык тартипке келтирүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында шаардагы бардык мекеме-ишканаларда менчик түрүнө карабастан видео байкоо камераларын орнотуу маселеси каралды.

Жыйындын жыйынтыгында каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмалар берилип, аларды өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу милдети жүктөлдү.