14.09.2026
Кароолор: (44)
КЕЗЕКТЕГИ КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН
Бүгүн, 14-сентябрда, Кара-Көл шаардык мэриясында кезектеги коллегиялык жыйын өттү. Жыйынга шаар мэри Азамат Турдубеков, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
Коллегиянын күн тартибине төмөнкү эки негизги маселе киргизилди:
Шаардык билим берүү мекемелеринин жаңы 2026/2027-окуу жылына даярдыгы жөнүндө;
Шаардын калкын жана экономика тармактарын 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө.
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү жетекчилердин баяндамалары угулуп, аткарылган иштерге жана алдыда турган милдеттерге талдоо жүргүзүлдү.
Айрыкча, билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча мектептерде ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө, жаңы окуу жылына предметтик мугалимдердин жетиштүүлүгү, кайсы адистерге муктаждык бар экени, жыл сайын орус тилдүү класстарга окуучулар көп катталып, суроо-талап жогору болуп жаткандыктан, быйыл бул багытта кандай иштер жүргүзүлгөнү жана окуу куралдарынын жетиштүүлүгү тууралуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү жетекчилерден жооптор алынды.
Ошондой эле коллегия мүчөсү Токтогул ГЭСтер Каскадынын директору Улан Халбатыров жана шаардын прокурору Ильичбек Исамамбетов мектептердеги ата-энелер комитеттерин жоюу боюнча сунуштарын билдирди.
Мындан тышкары, шаарды күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча жылуулук берүүчү от казандардын, электр жабдууларынын даярдыгы жана кыш мезгилинде жолдорго себилүүчү инерттик материалдардын алынгандыгы тууралуу маалыматтар каралды.
Коллегиянын жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу, иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилип, токтомдор кабыл алынды.






