Көрүүсү начарлар үчүн версия

19.01.2025

Кароолор: (37)

КЕЗЕКТЕГИ III - СЕССИЯ

Бүгүн, 17-январда, Кара-Көл шаардык кеңешинин IX - чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги III - сессиясы өттү.

Сессияга Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, шаар мэри Нуртилек Орозбаев, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылга иш планы жөнүндө;

2. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө;

3. “ Завод Достук” ачык акционердик коомунун менчигинде турган суу берүүчү курулманы 2, 42 га жер тилкеси менен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө;

4. Токтогул ГЭСтеринин каскадынын балансында турган 55 батирлүү Сабиров көчөсүнүн № 25 үйүн толугу менен Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу;

5. Кара-Көл шаарынын Бекташ көчөсүндө жайгашкан аянты 948,0 чарчы жана 600,0 чарчы метр жер тилкелерин муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп алуу;

6. Ар түрдүү маселелер.

Сессиянын жүрүшүндө күн тартибине коюлган маселелер депуттардын суроо-сунуштарын эске алуу, өзгөртүү, толуктоолору менен бир добуштан колдоо тапты.

Мындан сырткары, ар кандай маселелер каралып, депутаттар тарабынан бир катар социалдык жана коммуналдык тармакка тиешелүү маселелер айтылып, шаар мэри тарабынан тийиштүү жетекчилерге тапшырма берилди.