Көрүүсү начарлар үчүн версия

26.09.2024

Кароолор: (32)

КЕТМЕН -ТӨБӨДӨ ҮЧ СААТТЫК ТАЙПА АЧЫЛДЫ

Бүгүн 2024-жылдын 26-сентябрында Кара-Көл шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин,  Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кетмен-Төбө айылында Байчечекей балдар бакчасында кыска мөөнөттүү 3 сааттык тайпанын ачылыш аземи өткөрүлдү.

Бакчанын салтанаттуу иш-чарасына шаарыбыздын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич, ШБББнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира жана шаарыбыздын жетекчилери, ата-энелер катышып,  ачылыш аземи болду.

Шаардын мэри Н.О.Орозбаев өз сөзүндө, балдар бакчасынын салтанаттуу ачылышы менен куттуктап, алдынкы жылдар ийгиликтердин коштоосунда болушун каалап, балдарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп, тарбия берип, окуутуп жаткан  мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Учурда Байчечекей балдар бакчасынын 3 сааттык  тайпасында 25 бала билим-тарбия  алып жатышат.   Тайпада санитардык- гигиеналык талаптарга жооп берген шарттар түзүлгөн.