Көрүүсү начарлар үчүн версия

16.10.2024

Кароолор: (28)

КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР

Кара-Көл шаардык мэриясы 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата жашы улгайган карыяларыбызга сый тамак уюштурду. Шаар мэри Нуртилек Орозбаев улуу муундарыбызга урмат көрсөтүп, өз учурунда сыйлап калуу биздин парз деп белгиледи. Калаа башчысы 50 жыл чогуу жашаган үлгүлүү үй-бүлө статусун алган 10 үй-бүлөгө 1000 сомдон акчалай сыйлык жана ыраазычылык кат тапшырды.

Мындан сырткары, 75 жаштан жогорку “Баатыр энелерге”, "Ардактуу атуулу" наамын алган карыялар жалпы 134 карыянын ар бирине беш жүз сомдон акча каражаты берилди. Аны менен катар Нуртилек Орозбаев шаарыбызда 104-жашка толгон Моймол Джуманалиева ападан кабар алып, ден соолук каалап, акчалай сыйлык жана белек тапшырды.

Кошумчалап кетсек, Кара-Көл шаарында пенсия курагындагы 3 миң 342 жаран бар. Аларга жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан моралдык жана материалдык ар кандай колдоолор көрсөтүлүп келет.