Көрүүсү начарлар үчүн версия

10.08.2023

Кароолор: (105)

Кара-Көлдүн Жазы-Кечүү айылында алгачкы жолу бала бакча курулуп жатат

Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылында бала бакча курулуп жатат. 

Бала бакчанын имараты эки кабаттуу болуп, 100 орунга ылайыкталган. Курулуш үчүн 49 млн сомго тендер жарыяланган. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

Аталган айылда алгачкы жолу бала бакча курулууда. Каражат жергиликтүү бюджеттен жана атайын фонддон каржыланып жатат. Келерки жылдын сентябрь айына куруу иштерин аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

Тендерден «Гигант-Строй Компани» жоопкерчилиги чектелген коому уткан.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Гигант-Строй Компани» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү - Арстанакун уулу Абдыганы. Компания 2016-жылы 8-августта каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Акыркы каттоо боюнча Жазы-Кечүү айылында 2002 адам жашайт.