Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.09.2026

Кароолор: (45)

КАРА-КӨЛДҮН ЖАШТАРЫ, АНТИКОРРУПЦИЯЛЫК СЫНАККА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ!

 

🌐 «Коррупцияга каршы биргеликте!» аттуу социалдык антикоррупциялык жарнаманын Эл аралык жаштар сынагы өткөрүлүүдө.

Сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде жеке авторлор жана чыгармачыл топтор катыша алышат.

🏆 Сынактын номинациялары:

🎨 «Мыкты сүрөт»

🪧 «Мыкты плакат»

🎬 «Мыкты видеоролик»

📅 Сынакка катышуу үчүн чыгармачылык иштерди 2026-жылдын 1-октябрына чейин сынактын расмий сайтына жайгаштыруу зарыл.

🌐 Расмий сайт: www.anticorruption.life

Кара-Көл шаарынын жаштарын коррупцияга каршы күрөшкө багытталган чыгармачылык сынакка активдүү катышууга чакырабыз!