09.06.2026
Кароолор: (4)
КАРА-КӨЛДҮК КУТКАРУУЧУЛАР ЖАҢЫ ШАЙМАНДАР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ
Бүгүн, 9-июнда Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнө куткаруу иштеринде колдонулуучу атайын шаймандарды тапшырды.
Аталган шаймандарды алып берүү боюнча долбоор шаардык мэрия тарабынан даярдалып, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунушталган. Долбоор колдоо таап, анын натыйжасында куткаруучулар үчүн зарыл болгон техникалык каражаттар сатылып алынды.
Жаңы шаймандардын берилиши Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзүп, куткаруучулардын күнүмдүк кызматтык милдеттерин аткаруусун жеңилдетет. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, калктын коопсуздугун камсыздоодогу иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.
Шаар бийлиги тарабынан көрсөтүлгөн мындай колдоо куткаруучулардын эмгегине берилген баа болуп, алардын жооптуу кызматын мындан ары да сапаттуу аткаруусуна дем жана стимул берет.












