Көрүүсү начарлар үчүн версия

09.08.2023

Кароолор: (71)

Кара-Көлдөгү тургундарды мобилдик клиниканын дарыгерлери текшерип жатат

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы тургундарды медициналык мобилдик клиниканын адистери текшерип жатат.

Дарыгерлер Жалал-Абад облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунан келди. Алар вирустук гепатит, СПИД, сифилис ооруларын алдын алуу максатында иш алып барат. Текшерүү убагында аталган оорулар боюнча жаңы учур катталса, ал бейтаптын ден соолугу андан ары көзөмөлдөнүп, тиешелүү чаралар колдонулат.

Аталган бригада шаар тургундарын 7-августтан баштап текшере баштады. Жашоочулар УЗИден өтүп, гинекологдон текшериле алат. Ошондой эле тургундар вирустук гепатитке анализ тапшырууда. Мобилдик бригаданын адистери анализдин жыйынтыгын аныктап берет.

Айдоочусу менен 5 дарыгерден турган мобилдик бригада 11-августка чейин шаар аймагындагы жана шаарга жакын жайгашкан айылдардын тургундарын кабыл алып, акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрөт. Бир күндө текшерилүүгө келген тургундардын саны 200дөн ашып жатат.