10.07.2026
Кароолор: (79)
КАРА-КӨЛДӨ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
10-июль күнү Кара-Көл шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Райимберди Дүйшенбиевдин шаар тургундары менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, эл өкүлү 2026-жылдын өткөн мезгилиндеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Тургундар тарабынан Камбар-Ата ГЭСинин курулушу, Нарын дарыясындагы гидроэнергетикалык объектилерди куруудагы мамлекеттик саясат, тармактагы кадрдык туруктуулук жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер көтөрүлдү.
Ошондой эле Токтогул ГЭСинин курулушунун тарыхы, анын Кара-Көл шаарына тийгизген таасири жана шаарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдык демилгелер тууралуу сунуштар айтылды. Тактап айтканда, Токтогул суу сактагычынын аймагындагы калктуу конуштарга берилүүчү компенсациялар жөнүндө мыйзамга Кара-Көл шаарын да киргизүү сунушу көтөрүлдү. Мындай чечим кабыл алынса, шаардагы жана шаарга караштуу айылдардагы таза суу, канализация жана башка инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.
Мындан сырткары, коммуналдык чарба ишканалары, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү тарыхый көмүлгөн жай маселеси, шаардагы ичүүчү суу түтүктөрүнүн эскириши, турак жайлардын абалы, турак жай бааларынын өсүшү, Токтогул ГЭСинин курулушуна катышкан ардагерлерди социалдык жактан колдоо, шаардык ооруканада дарыгерлердин жетишсиздиги, шаарга караштуу айылдардагы таза суу жана жол маселелери, жайыт тартыштыгы, ошондой эле Кара-Көлгө энергетикалык макам берүү боюнча сунуштар айтылды.
Жыйындын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Райимберди Дүйшенбиев шаар тургундары тарабынан көтөрүлгөн бардык сунуш-пикирлер менен көйгөйлөр көз жаздымда калбай турганын белгилеп, аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, мыйзам чегинде чечүүгө аракет көрөрүн билдирди.









