01.09.2026
Кароолор: (9)
КАРА-КӨЛДӨ ЗАМАНБАП БАЛДАР АЯНТЧАЛАРЫН КУРУУ ПЛАНДАЛУУДА
Буга чейин социалдык тармактарда шаар тургундары Пойма кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы эскилиги жеткен балдар аянтчаларын тартып, алар качан оңдолуп, качан өзгөрүү болору тууралуу шаар мэриясынан сурап келишкен.
Жалпысынан Кара-Көл шаарында балдар аянтчалары боюнча маселелер буга чейин да көтөрүлүп келген. Эл менен болгон жолугушууларында тургундар тарабынан эң көп айтылган талаптардын бири — заманбап балдар аянтчаларын куруп берүү маселеси болгон.
Бул маселени шаар мэри карап чыгып, шаардык кеңешке балдар аянтчаларын сатып алуу жана орнотуу боюнча сунуш киргизген.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-июлундагы №01-9/22 токтому менен Кара-Көл шаарынын 2026-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөр киргизилип, өнүгүү бюджетинин иш-чаралары бекитилген. Анын ичинде шаардагы балдар аянтчалары боюнча маселе да камтылган.
Бүгүнкү күндө шаар боюнча 10го жакын заманбап балдар аянтчасын куруу пландалууда. Аянтчалар орнотула турган жерлер алдын ала каралып, балдар аянтчаларын кура турган фирмаларды тандоо иштери жүргүзүлүүдө. Тандоо иштери аяктагандан кийин балдар аянтчаларын орнотуу иштери башталат.
Белгилей кетсек, «шаар ичи» дегенде шаардын борбордук бөлүгү гана эмес, Ак-Кыя өңдүү көчөлөр да каралган.
Заманбап балдар аянтчаларын куруу иштери мындан ары да жыл сайын улантылат. Шаардагы эскилиги жеткен балдар аянтчалары этап-этабы менен оңдолуп, жаңыларына алмаштырылат. Башкы максат — шаардагы балдар үчүн заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз эс алуу жайларын көбөйтүү.