Көрүүсү начарлар үчүн версия

02.09.2026

Кароолор: (8)

КАРА-КӨЛДӨ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН ОБЪЕКТ БУЗДУРУЛДУ

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган объект буздурулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» №109 Жарлыгын ишке ашырууда Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан шаардык прокуратура менен биргеликте иш алынып барылууда.

Тактап айтканда Кара-Көл шаарында айыл чарба багытындагы жалпы аянты 152 м² болгон жер тилкесине тиешелүү уруксат документтери жок объект курулгандыгы аныкталып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мыйзамсыз курулуштар боюнча иштер мындан ары да улантылат.

Жарандарды жер тилкелерин пайдаланууда мыйзам талаптарын сактоого, тиешелүү уруксат документтери жок курулуш иштерин жүргүзбөөгө чакырабыз.

Мыйзамсыз курулуштарга жол бербей, шаарды иреттүү өнүктүрүүгө биргеликте салым кошолу.