03.07.2026
Кароолор: (78)
КАРА-КӨЛДӨ МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ КУТТУКТОО АЗЕМИ ӨТТҮ
Бүгүн, 3-июлда Кара-Көл шаарында медицина кызматкерлерине арналган салтанаттуу куттуктоо аземи болуп өттү.
Иш-чарага шаар мэри Азамат Турдубеков, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Б. Рысбеков атындагы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлери жана Шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери катышты.
Алгач ак халатчандарды кесиптик майрамы менен шаар мэри Азамат Турдубеков куттуктап, алардын калктын саламаттыгын сактоодогу ак эмгегине ыраазычылык билдирди.
Андан соң медицина тармагына эмгек сиңирген ак халатчандар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кара-Көл шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары жана төш белгилери менен сыйланышты.
Иш-чаранын соңунда маданият кызматкерлери тарабынан уюштурулган майрамдык концерттик программа тартууланды.





