Көрүүсү начарлар үчүн версия

01.07.2026

Кароолор: (53)

КАРА-КӨЛДӨ КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН 35 ЖЫЛДЫГЫ ЖАНА ӨРТКӨ КАРШЫ КЫЗМАТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн Кара-Көл шаарында 1-июль – Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына жана 15- июнь өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кара-Көл шаарынын мэри Азамат Турдубеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана кызматтык милдеттерин ак ниет аткарганы үчүн ӨКМнин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери Кара-Көл шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Салтанатта куткаруучулардын элдин өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоодогу жоопкерчиликтүү кызматы белгиленип, аларга бекем ден соолук, коопсуз кызмат жана ийгиликтер кааланды.