Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.09.2026

Кароолор: (45)

КАРА-КӨЛДӨ ЭНЕ ТИЛДИ ЖАНА КОМУЗ ӨНӨРҮН ДАҢАЗАЛАГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Бүгүн, 23-сентябрда, Мамлекеттик тил күнүнө карата «Улуттун жүзү — эне тил» жана 9-сентябрь Комуз күнүнө арналган «Кылым карыткан кыргыз күүлөрү» аттуу майрамдык иш-чара Кара-Көл шаарындагы "Энергетик" маданият үйүнүн алдында ачык асман астында өткөрүлдү.

Иш-чарага Кара-Көл шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Айша Анарбаева, шаардагы маданият бөлүмүнө караштуу мекемелер жааматтары менен шаар тургундары катышты.

Майрамдык программада Чыңгыз Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүнүн, шаардык балдар искусство мектебинин тарбиялануучулары, шаардык өнөрпоздор жана "Энергетик" маданият үйүнүн кызматкерлери өз өнөрлөрүн тартуулашты. Көрүүчүлөргө кыргыздын элдик ыр-күүлөрү, Ата Мекенге арналган патриоттук ырлар жана бийлер тартууланды. Ошондой эле иш-чаранын алкагында борборлоштурулган шаардык китепкана тарабынан китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан өнөр ээлери шаардык маданият бөлүмүнүн баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Эне тил — улуттун жүзү, комуз — кылымдарды карыткан руханий мурас. Тилибизди, маданиятыбызды жана улуттук баалуулуктарыбызды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү — жалпыбыздын милдетибиз.

🇰🇬 Эне тилибиз — улутубуздун жүзү, комузубуз — муундан муунга өтчү мурасыбыз!