03.01.2025
Кароолор: (33)
КАРА-КӨЛДӨ БАЛДАР ҮЧҮН МЭРДИН БАЛАТЫСЫ ӨТТҮ

Кара-Көл шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында шаар мэри Нуртилек Орозбаевдин балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү.
Маалыматка ылайык, балаты майрамы Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры тарабынан уюштурулган оюн-зоок майрамдык концерттик программа менен коштолду.
Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов сөз сүйлөшүп, балатыга келген жаш шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чын ден соолук, окууларына ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, мэрдин балатысына жаш курагы 6 жаштан 15 жашка чейинки, толук жетим, жарым жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери жана ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары келген.
Тоголок жетим, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 250 балага 500сомдон акча каражаты которулуп берилди.
Ал эми иш-чаранын соңунда балатыга чакырылган 250 балага таттуу белектер тапшырылды.