Көрүүсү начарлар үчүн версия

29.05.2026

Кароолор: (7)

КАРА-КӨЛДӨ “АКЫРКЫ КОНГУРОО” САЛТАНАТЫ ӨТТҮ

Бүгүн, 29-майда Кара-Көл шаарындагы 6 орто мектепте жана 1 кесиптик лицейде “Акыркы конгуроо” салтанаты белгиленди.

Майрамдык иш-чараларга ата-энелер, мугалимдер, мурдагы бүтүрүүчүлөр жана шаар тургундары катышып, мектеп менен коштошуп жаткан жаштарга ак тилектерин айтышты.

Шаар мэри Эдилбек Тажимырзаев №89 кесиптик лицейинде болуп, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын келечегине ийгилик каалады.

Мектептерде окуучулар тарабынан даярдалган майрамдык концерттик программалар тартууланып, акыркы коңгуроо кубаныч жана толкундануу менен коштолду. Айрыкча 10 жана 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрдүн келиши майрамга өзгөчө көрк кошту.

Белгилей кетсек, быйыл Кара-Көл шаарында 11-классты жалпы 255 бүтүрүүчү аяктады.