Көрүүсү начарлар үчүн версия

15.09.2026

Кароолор: (48)

КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ "АРДАК" МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-сентябрындагы №320 Жарлыгына ылайык, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, кесиптик ишмердигинде жогорку жетишкендиктерге жетишкен жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Алардын катарында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэриясынын экономика, инвестициялар, өнөр жай жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Сатарова Гүлмира Окушовна да бар.

Гүлмира Окушовна «Ардак» медалы менен сыйланды.

Бул — анын кесиптик ишмердигине жана шаарды өнүктүрүүгө кошкон эмгегине берилген жогорку баа.

Гүлмира Окушовнаны мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайбыз! Мындан аркы эмгегине ийгилик, жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!