Көрүүсү начарлар үчүн версия

24.09.2024

Кароолор: (32)

КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН МЭРИНИН МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАЛАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА ТЕКШЕРҮҮ ИШТЕРИ

Бүгүн 2024-жылдын 24-сентябрында  Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаев жергиликтүү муниципалдык ишканалардын маселеси боюнча объектилерге чыкты.

Кара-Көл муниципалдык жылуулук менен жабдуу ишканасынын оңдоо иштерине тоскоол болуп жаткан  жылытуучу магистралынын үстүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды  алдыруу боюнча жана 4 кичи электр отканаларын куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө маселелери каралды.