Көрүүсү начарлар үчүн версия

27.11.2024

Кароолор: (43)

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Урматтуу прокуратура тармагынын ээлери, сиздер мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алган, кылдаттыкты талап кылган органдын кызматкерисиздер. Кесиптик майрамыңыздар менен чын диилмден куттуктайм! Сиздер өлкөбүздүн маанилүү тирегисиздер. Укуктуу өлкөнүн түптөлүшүнө эбегейсиз чоң салым кошуп келесиздер. Мамлекттин өнүгүп-өсүшү прокуратура органына көз каранды дегени негиз бар. Ал үчүн мыйзамдар кынтыксыз аткарылып, сиздер тараптан көзөмлгө алынышы керек. Бүгүнкү күндө прокуратура кызматкерлери өз ишин жеткиликтүү деңгээлде аткарып жатат деп ишенебиз. Жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо мыйзамдуу, адилеттүү иш аракеттерди жүргүзүүдө талыкпаңыздар. Мыйзамдуулуктун кепилдиги болуп жүрө бериңиздер.

Кадырлуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери, кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Жооптуу жумушуңуздарга ийгиликтерди каалайм!