16.10.2024
Кароолор: (15)
Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондуна ыраазычылыгын билдирди

Кара- Көл шаарында 2024-жылдын 7-октябрында “Ыйман диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду тарабынан даярдалган азык-түлүк( ун, өсүмдүк майы, туз, кум шекер, гречка, күрүч, макарон, томат пастасы ) Кара Көл шаардык мэриясы менен биргеликте Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан жардамга муктаж болгон жакыр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 40 үй-бүлөгө таратылып берилди. Мындай көмөгү үчүн аталган шаардын мэри “Ыйман” фондуна ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Нуртилек Орозбаев аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ар дайым мэриянын көзөмөлүндө жана жардам керек болсо көмөктөшөөрүн кошумчалады.