13.11.2024
Кароолор: (25)
Кара-Көл шаарынын мэри милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев – Кыргыз Республикасынын милициясынын 100 жылдык кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Милиция кызматкерлеринин күнү менен Кара-Көл шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм! Бүгүнкү майрам кайраттуу, эр жүрөк, элдин сыймыгына татыктуу эр азаматтарыбыздын майрамы. Милиция кызматкерлеринин иши оор. Сиздер күн-түн дебей, элибизге кызмат өтөп келесиздер. Сиздердин ишиңиздердин аркасында гана Кыргызстан туруктуу, өнүккөн жана укуктук мамлекетке айланат деп ойлойм. Сиздерге чын ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Ар дайым эл жерибизди коргоп, ак кызмат кылышыңыздарга тилектешмин!” - деди Нуртилек Орозбаев.
Иш чаранын жүрүшүндө футзал боюнча "Мурас-Аймак" турнеринде Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү биринчи орунду багындырган, Кара-Көл шаарынын мэриясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.