02.07.2026
Кароолор: (81)
КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН МЭРИ КЕТМЕН-ТӨБӨ АЙЫЛЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ
2- июль күнү Кара-Көл шаарынын мэри Азамат Турдубеков шаарга караштуу Кетмен-Төбө айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты.
Шаар башчысы айылдагы эң негизги маселелердин бири болгон таза суу, жылуулук түтүктөрүнүн тартылышы, канализация системасы, айылдык административдик имараттын абалы, былтыр 31-декабрда үйү күйүп кеткен жарандардын көйгөйлөрү, ошондой эле №5 Хуриев атындагы орто мектебинин спорт залы менен таанышып чыкты. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.
Ошондой эле шаар мэри тиешелүү адистер менен бирге Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги (суу каптоо аймагында) ишкердик менен алектенген ишкерлердин ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

