23.12.2024
Кароолор: (13)
Кара-Көл шаарынын "Энергетик" спорт комплексинде областтык деңгээлдеги спортук иш-чара башталды

Кара-Көл шаарынын "Энергетик" спорт комплексинде областтык деңгээлдеги спортук иш-чара башталды. Ага шаар мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чыңгыз Кимсанов жана шаардык кеңештин депутаттары катышты. Спорттук иш-чарага Токтогул, Чаткал, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Кочкор-Ата, Жалал-Абад шаарынан жана Ала-Бука районунан спортчулар келди. Волейбол, эркин күрөш боюнча күч сынашат.
U-17 Жалал-Абад областтык деңгээлде чемпионаттын биринчи туру өткөрүлүп жатат. Экинчи туру Жалал-Абад шаарында өткөрүү пландалып жатат. Чемпионат январь айында өткөрүлөт. Чемпионаттын
жыйынтыгы экинчи турдан соң чыгарылат. Алдыңкы орундарды ээлеген спортчулар Республикалык мелдешке жолдомо алат