12.08.2023
Кароолор: (93)
Кара-Көл шаарындагы мектеп жана бала бакчалар жаңы окуу жылына даяр

Шаарыбызда мектептер жана бала бакчалар жаңы окуу жылына даяр.
Облустан жана Билим берүү министрлигинен комиссия келип, кабыл алып кетти.
«Мектептердеги утурумдук оңдоо иштери аяктады. Окуучуларды 1-класска кабыл алуу 70%ды түзүп, 445 бала кабыл алынды. Электрондук кабыл алуу 30-августка чейин жүрөт. Ошондой эле мектептерде жетишпеген мугалимлер боюнча иш алып барылууда. Учурда музыка жана дене тарбиячы 2 мугалим жетишпейт», - деп билдирди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева.
Кара-Көл шаарында 6 мектеп, 3 бала бакча жана мектептен тышкаркы 2 мекеме бар.