16.10.2024
Кароолор: (44)
Кара-Көл шаарындагы «Энергетик» маданият үйүндө билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.

Ага Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев баш болгон шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлназира Кыргызбай кызы, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мугалимдер катышты.
Мэр ардактуу кесипти аркалаган мугалимдерди майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу аракетин жасайбыз - деп белгиледи. Иш чарада үзүрлүү эмгектенип, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп жаткан агартуучуларга сыйлыктарды тапшырды.
Атап айтсак Кара-Көл шаарында 6 мектеп, 3 мектепке чейинки билим берүү уюму, 1 балдар чыгармачылык борбору бар.
Мектептерде 326 мугалим, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 25 тарбиячы, балдар чыгармачылык борборунда 20 мугалим эмгектенет.