Көрүүсү начарлар үчүн версия

12.12.2023

Кароолор: (38)

Кара-Көл шаарында жылуулук отканаларын текшерүү жүргүзүлдү

     Бүгүн, 2023-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №220 токтомун аткаруу максатында Кара-Көл шаарынын мэринин 2023-жылдын 13-июнундагы №287-б буйругу менен түзүлгөн шаардын экономика  тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча штаб - жумушчу комиссия тарабынан “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын отканаларынын жумушчу абалын текшерүү иштери жүргүзүлдү.