04.03.2026
Кароолор: (3)
КАРА-КӨЛ ШААРЫНДА ЖЕР МУНАПЫСЫ БОЮНЧА МЫЙЗАМ БУЗУУ ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ
Кара-Көл шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мунапысы боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, Кара-Көл шаарынын тургуну Н.К. 2022-жылдын күз айларында жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алып, өз алдынча турак жай куруп алгандыгы белгилүү болгон. Кийинчерээк аталган турак жайды жер мунапысы аркылуу мыйзамдаштыруу аракеттери жасалган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, жаран 2026-жылдын 26-февралында Кара-Көл ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
УРМАТТУУ КАРА-КӨЛ
ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ!
Мыйзамсыз ээлеп алынган жер тилкелерин өз ыктыярыңыздар менен бошотуп берүүнү суранабыз. Жер мыйзамдарын сактабоо мыйзам алдында жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.