27.01.2025
Кароолор: (40)
КАРА-КӨЛ ШААРЫНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА МАШЫГУУ ӨТТҮ

“Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана келип чыккан шартта башкаруу органдарынын жана Жарандык коргонуу күчтөрүнүн иш аракеттери” деген темада командалык-штабдык машыгуу өттү. Бүгүн, 23-январь, таңкы саат 5те өткөрүлгөн машыгууга Жарандык коргонунун башчысы Нуртилек Орозбаев катышты. Машыгуунун башкы максаты – күтүлбөгөн ар кандай өзгөчө кырдаал коркунучу жаралган учурда Жарандык коргонуу тутумунун, куткаруу кызматтарынын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын биргелешкен күжүрмөн аракеттерин координациялоо болуп саналат. Бул машыгуу 2025-жылга карата пландык негизинде өткөрүлдү.
Соңунда Кара-Көл шаардык Өзгөчө кырдаал бөлүмү 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды.