07.12.2023
Кароолор: (67)
Кара-Көл шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү уланууда

2023-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомун аткаруу максатында Кара-Көл шаарынын мэринин 2023-жылдын 16-октябрындагы №530-б буйругу менен түзүлгөн социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башкы адиси К.М.Эрмековдун катышуусунда шаардагы соода түйүндөрдө, наавайканаларда (пекарня), көчмө көмүр сатуучу түйүндөрдө социалдык маанилүү товарлардын бааларына, анын ичинде нан азыктарынын (бөлкө нан, тандыр нан), көмүрдүн бааларына мониторинг кылынып, социалдык маанилүү товарларга баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөө жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.