Көрүүсү начарлар үчүн версия

19.01.2025

Кароолор: (23)

Кара-Көл шаарында мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү

2025–жылдын 13-январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында, Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов жана мекеме ишканалардын

жетекчилеринин катышуусу менен координациялык кеңешме өткөрүлдү. Аталган иш-чарага 200дөн ашуун адам катышты.

Жыйындын алкагында белгиленгендей, 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук түрдө жоюу милдети коюлган. Ушуга байланыштуу чогулгандарга коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертүү берилди.

Жогоруда белгиленгендей, коррупциялык фактылар аныкталган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жаңыдан кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон адамга белгилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат.