21.07.2026
Кароолор: (108)
КАРА-КӨЛ ШААРЫНДА КЫЗМАТ АБАЛЫНАН КЫЯНАТТЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНУУ ФАКТЫСЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кара-Көл шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Кара-Көл шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгында жергиликтүү бюджеттин каражаттарын пайдалануунун мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Кара-Көл шаарынын Ленин көчөсү №12 дарегинде жайгашкан, аянты 572 чарчы метр болгон турак жай эмес имарат 7 миллион 612 миң сомго сатылып алынганы аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн аудитордук отчетуна ылайык, аталган имараттын баалоо наркы 6 миллион 182 миң 973 сомду түзгөн.
Натыйжада сатып алуу учурунда баалоо наркынан 1 миллион 429 миң 027 сомго жогору суммага келишим түзүлгөнү аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кара-Көл шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, оор залал келтирген деген белгилер аныкталган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.















