Көрүүсү начарлар үчүн версия

09.07.2026

Кароолор: (61)

КАРА-КӨЛ ШААРЫНДА КӨЧМӨ ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ: ТУРГУНДАР КАЙСЫ МАСЕЛЕЛЕРДИ КӨТӨРҮШТҮ?

9-июль күнү Кара-Көл шаарынын мэри Азамат Турдубеков Ажыматов, Кайыпов жана Чубак ажы Жалилов көчөлөрүнүн жашоочулары менен көчмө жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар балдар ойноочу аянтча куруу, аталган көчөлөргө жаңы асфальт төшөө, жарыктандыруу, коомдук ажаткана, айрым үйлөрдө таза суунун басымынын төмөндүгүнөн улам суунун келбей жатышы, таштанды чыгаруу, канализация, ички арыктардын жоктугу, жолдордун тардыгы, мыйзамсыз курулуштар, турак жайга мамлекеттик акт ала албай жаткан айрым жарандардын маселеси, ошондой эле жолбун иттерди атуу боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Жолугушуунун соңунда шаар мэри көтөрүлгөн ар бир маселе жана сунуш боюнча жооп берип, аларды чечүү жолдорун түшүндүрдү. Ошондой эле бардык маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилип, алардын өз мөөнөтүндө аткарылышы милдеттендирилди.