23.12.2024
Кароолор: (34)
КАРА-КӨЛ ШААРЫНДА ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

КАРА-КӨЛ ШААРЫНДА ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
"Энергетик" маданият үйүндө 20-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына жана Энергетиктер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Ага Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Эдилбек Тажимырзаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бакай Токтобаев жана шаардык кеңештин депутаттары катышты. Ардак грамоталарды тапшырылып, кесип ээлерин куттукташты.
Эдилбек Тажимырзаев электр кызматкеринин кыйынчылыктарга карабай өз милдеттерин так аткарып келе жаткандыгын белгиледи. Энергетиктер калктын муктаждыктарын камсыздап, бүгүнкү күндө кайсыл гана тармак болбосун анын үзгүлтүксүз иш алып баруусуна салымы чоң экенин айтты. Ал энергетика жаатындагы ырааттуу өнүгүүнү жана кызматкерлерге ден соолук каалады.