Көрүүсү начарлар үчүн версия

22.09.2023

Кароолор: (151)

Кара-Көл шаарында Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин уюштуруу маселелери боюнча окутуу өткөрүлдү

2023-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын  Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Маматканов Улан Эркинович Элдик Курултайды  өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин уюштуруу  маселелери боюнча окутуу өткөрдү. 

Окууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областынын   ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.С.Маматаев, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын мэрлери, Токтогул районунун акими, аппарат жетекчилери, шаардык кеңештин төрагалары, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылары катышышты.