Көрүүсү начарлар үчүн версия

27.11.2024

Кароолор: (26)

Кара-Көл шаарында аз камсыз болгон 30 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Бүгүн, 15-ноябрь күнү "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында шаардагы аз камсыз болгон 30 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Сертификаттарды Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев өзү тапшырды

"Социалдык келишим" долбоорунун максаты – аз камсыз үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Кайтарымсыз негизде 100миң сомдон алган үй-бүлөлөр бул каражатка ишкердик баштайт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы социалдык келишимдин негизинде 65 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Бүгүн алар өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү да орун алды.