13.11.2024
Кароолор: (19)
Кара-Көл шаарында "Ыр-кесе 2024" ыр майрамы уюштурулду

Иш чарага шаар мэри Нуртилек Орозбаев жана жетекчилер катышты. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана белгилүү төкмө акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган "Ыр-кесе 2024" ыр майрамында 7706 Аскер бөлүгү менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Шайырбек Чолпонкулов атындагы Кара-Көл колледжинин
командалары ат салышып, жыйынтыгында 7706 Аскер бөлүгү жеңишке жетишти.
Өнөрлөрүн тартуулаган эки командага тең грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.