Көрүүсү начарлар үчүн версия

19.01.2025

Кароолор: (20)

КАРА-КӨЛ ШААРЫНА ЦЕМЕНТ ЗАВОД КУРУЛАТ

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынан келген “Chengyuan Port Group” компаниясынын жетекчилиги менен бирге цемент заводун куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Курула турган заводдун кубаттуулугу жылына 1 млн тонна цемент чыгарууга жетет.

Буга чейин аталган компаниянын жетекчилиги Кара-Көл шаарына салына турган заводдун жерин көрүп чыгышкан. Жаз-Кечүү аймактык башкармалыгына куруу пландалууда. Заводдун сметалык баасын түзүү үчүн

техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аракеттери көрүлөт.

Тараптардын келишим документтери толук бүткөндөн кийин 2025-жылы курулуш жумушу башталат.