Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.12.2024

Кароолор: (17)

Кара-Көл шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү төмөнкү эрежелерди сактоону эскертет!

Кара-Көл шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү төмөнкү эрежелерди сактоону

эскертет!

Иш-чараларды терезелери тордолгон бөлмөлөрдө өткөрүүгө; прожекторлорду, шамдарды жана тарсылдактарды колдонууга, фейерверктерди жана башка өрт чыгуу коркунучун туудурган жарык бергичтерди колдонууга;

от алып кетүүчү, жарылуучу, өрт коркунучун келтирген иштерди жүргүзүүгө;

имараттын ичин караңгылатуу үчүн терезе тоскучтарды пайдаланууга;

отургучтардын катарларынын ортосундагы өткөөлдөрдүн азайтууга жана өткөөлдөргө кошумча отургучтарды коюуга;

иш-чара өтүп жаткан учурда жарыкты толук өчүрүүгө;

колго жасалган электр гирляндаларын, жарык музыка түзүлүштөрүн, электромузыка аппаратурасын, балатыны айландыруучу түзүлүштөрдү колдонууга жана балаты гирляндаларынын өчүп-күйүүсүнө,

Ачык жагылган отту колдонуу менен башкарылбаган учуучу фонариктерди пайдаланууга жана учурууга тыюу салынат.

Пиротехникалык заттарды пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

салюттарды имараттарга жана курулмаларга 50 метрден жакын аралыкта, бак-дарактардын түбүндө жана бастырмалардын астында аттырууга;

аларды шамалдуу аба-ырайында колдонууга.

Жаңы жыл майрамдарын өткөрүүдө балаты имарат-жайдан чыгууга тоскоолдук кылбагандай эсеп менен бекем орнотулууга тийиш.

Балатынын бутактары дубалдан жана шыптан бир метрден кем эмес аралыкта болушу керек.

Балатыга жарык берүүдө (зымдардын ысып кетиши, лампочкалардын тез-тез күйүп кетиши, учкундун чыгышы ж.б.) кичине эле бузугу байкалганда иллюминация дароо өчүрүлүүгө жана алардын бузугу табылып жана оңдолгондон кийин гана иштетилүүгө тийиш.

Эскерте кетебиз, шаардык өрткө каршы кызматынын телефону «101» же “112”

 

Смотреть статистику

Продвигать публикацию

Все реакции:

10Suusar Junusova, Тынычбек Доулдаев и ещё 8