Көрүүсү начарлар үчүн версия

02.09.2025

Кароолор: (23)

Кара-Көл шаары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар”

  1. Жалпы маалымат

 

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жаштар жөнүндө” 2023-жылдын 4-августундагы  №157 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                                2024-жылдын 22-майындагы №255 “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иштөө боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн типтүү тартибин бекитүү жөнүндө” Токтомуна жана мэриянын токтом, буйруктарына таянып    Кара-Көл шаардык мэриясы балдарга жана жаштарга карата ыңгайлуу саясатты ишке ашырууда. Жогорудагы  ченемдик укуктук актылар жаштардын жана балдардын укуктарын коргоо, алардын социалдык интеграциясын камсыздоо жана жаштардын сапаттуу турмуш шарттарын түзүү багытында жол көрсөтүүчү мыйзамдык негиз болуп кызмат кылат.

   Инклюзивдик саясатты ишке ашыруу максатында шаар мэриясы ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп келет. Аларга ведомстволор аралык кызматташуу механизмдери, коомдук угуулар жана жарандык коомчулуктун катышуусу, ошондой эле заманбап технологияларды —                                                      онлайн-сурамжылоолор, видеоконференция форматындагы кеңешме жыйындар кирет. Бул инструменттер жаштардын жана балдардын пикирлерин угууга, алардын муктаждыктарын так аныктоого жана аларды эске алуу менен чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт.                       

   Ошондой эле, мэрия калкты социалдык жактан активдештирүү, укук бузуулардын алдын алуу жана тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо боюнча профилактык иштерди уюштурууда.

  - 2025-жылдын 01 июлуна карата Кара-Көл шаарынын жалпы калкы 28101  адамды түзүп, анын ичинен 0-7 жашка чейин 4495, 7-14 жашка чейин 4907, 14–18 жашка чейин 2221, 18-36 жашка чейин 7011. 

   Калктын  14-36 жашка чейинки жаштардын жынысы боюнча маалыматтарга ылайык 4486 эркек жана 4746 кыздар бар. Бул сандык көрсөткүчтөр шаардагы балдар менен жаштардын социалдык-демографиялык абалын так чагылдырат.

  -  Кара-Көл шаарында балдарды бала бакча менен камсыз кылуу жана  балдарга заманбап оюн аянтчаларын куруу зарылчылыгы көйгөйлүү маселе катары аныкталган. Бул муктаждыктар жана сунуштар шаар мэринин тургундар менен болгон жолугушууларында жаштар кеңеши жана эл тарабынан көтөрүлгөн. Аларды чечүү максатында бир катар иштер аткарылды. Кетмен-Төбө айылындагы “Байчечекей” бала бакчасында 1 жаңы группа ачылып, 2024-жылдын 2-сентябрынан ишин баштаган. Кара-Көл шаарындагы Салык кызматынын имаратында 3 кыска мөөнөттүү (3 сааттык) группа ачылып, 2024-жылдын 2-сентябрында балдар кабыл алынган. “Баластан” бала бакчасына кошумча 1 группа ачылып, ошол эле күнү ишин баштаган. Жазы-Кечүү айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап, 2025-жылдын февраль айынан пайдаланууга берилген. 

Балдардын эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында эски оюн аянтчаларын жаңылоо жана коопсуз, заманбап стандарттарга ылайыкташтыруу иштери башталып, 2025-жылы шаар боюнча балдарга 5 жаңы оюн аянтчасы курулду.

 

Жаштардын жана балдардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жаштардын катышуусу

 

1) Отчеттук мезгил боюнча көрсөткүчтөр:

       - Кара-Көл шаарында 5 балдар жана жаштар бирикмеси иштеп, алардын жалпы мүчөлөрүнүн саны – 47.

 - Жаштардын консультациялык органдары, парламенттери жана кеңештери – 2 түзүм, анда 33 жаш катышууда.

       -  Мэрдин жаштар менен жеке жолугушуулары – 3 жолу өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 8 сунуш ишке ашырылды.

       - Балдар жана өспүрүмдөр катышкан оң өзгөрүүлөргө багытталган иш-чаралар – 17.

 

2025-жылдын 24-февралы - ИИМдин Ички аскерлеринин                              7706-аскер бөлүгүндө “Жаштарды аскерге даярдоо” сынагы өткөрүлгөн. Мектептердин окуучулары аскердик даярдык, дене тарбия жана тартип боюнча күч сынашып, эң мыкты командалар жана окуучулар сыйлыктарга ээ болушкан. 

     2025-жылдын 21-майында Кара-Көл шаардык борборлоштурулган китепканада “Китеп менин досум” сынагы өткөрүлдү. Иш-чара Жаштар кеңеши жана китепканачылар тарабынан уюштурулуп, жаштарды китеп окууга жана билимин жогорулатууга үндөдү. Сынак Касымбек Жунусалиевдин “Ойлон, ойгон” китеби боюнча 30 суроодон турган тест форматында өтүп, 17 катышуучу өз билимин сыноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланышкан. 

       - Жаштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарындагы катышуусу жогору, 4 жаш шаардык кеңештин депутаты, анын ичинен 1- Ч.А.Кимсанов коллегиянын мүчөсү.

 - Жергиликтүү деңгээлде жаштар ишке ашырган жарандык демилгелер – 8 (экология, маданият, коомдук турмуш)

        - Жаштардын сунуштарын ишке ашырууга багытталган иш-чаралар – 8 (спорттук мелдештер, бала бакча куруу, жашылдандыруу, ыктыярчылык, патриоттук форум, маданий фестиваль, ишембилик, “Жаштардын көз карашындагы шаар” долбоору).

   2025-жылдын 18-ноябрында “Энергетик” маданият үйүндө “Күз керемети” сынагы өткөрүлгөн. “Күз керемети” сынагына 5 команда катышып,   1-орун Ч.Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык мектеби, 2-орунду Фрунзе атындагы №3 орто мектеби, 3-орунду Токтогул атындагы №1 орто мектеби ээлеген. Командалардын алдыңды орунду ээлгендерге шаардык мэрия тарабынан 1-2-3 даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар  менен сыйланышкан.

       - Социалдык-экономикалык өнүгүү программасында жаштарга тиешелүү пункттар – 5.

       - SPS программасы жана жеке колдоолор менен ишке ашырылган долбоорлор – 2, ошондой эле жаштардын бакубаттуулугуна байланыштуу пландар – 3.

       - Чечим кабыл алууда жаштардын пикирин чогултуу үчүн инструменттер – мэриянын расмий сайты жана Facebook баракчалары аркылуу жарыялар.

       2) Артыкчылыктуу көйгөйлөр:

- Интернет көз карандылыгы жана маалыматтык коопсуздук

  • Социалдык тармактарга көз карандылык өсүүдө.
  • Троллинг, кибербуллинг, жалган маалыматтар психикалык саламаттыкка залакасын тийгизүүдө

       3) Көйгөйдү чечүү боюнча чаралар:

🔹 Санарип сабаттуулук жана медиа агартуу

  • Мектептерде жана ЖОЖдордо атайын медиа сабактарды киргизүү керек (фейк маалыматты кантип таануу, жеке маалыматты коргоо ж.б.).
  • Жаштарга санариптик гигиена, интернет маданияты, тармактык этика тууралуу үйрөтүү.
  • Мисалы: “Маалыматты баалоо жөндөмү” боюнча тренингдер.

🔹 Психологиялык жардам жана колдоо

  • Ар бир окуу жайда же коомдук борбордо жаштар үчүн психологдор жеткиликтүү болушу керек.
  • Анонимдүү онлайн кеңеш берүү платформаларын түзүү (бул жаштарга өз көйгөйүн айтууга ыңгайлуу шарт түзөт).
  • Кибербуллингден жабыркаган жаштар үчүн укуктук жана психологиялык жардам берүү.

🔹3. Ата-эне жана мугалимдер менен биргелешкен иш

  • Ата-энелерди жана мугалимдерди балдардын интернеттеги жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө, бирок ишенимге негизделген мамиле түзүүгө үйрөтүү.
  • Атайын тренингдер, маалымат жыйындары аркылуу интернет коопсуздугу тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.

🔹4. Социалдык тармактарда көз карандылыкты алдын алуу

  • Жаштарды чыгармачылык, спорт, ыктыярчылык иштерге тартуу менен аларды реалдуу жашоодо активдүүрөөк кылуу.
  • Атайын "Digital Detox Day" сыяктуу иш-чараларды уюштуруу (интернетсиз күн, жандуу баарлашуу ж.б.).

🔹5. Мыйзамдык негиздерди бекемдөө

  • Кибербуллингге жана онлайн зомбулукка каршы атайын мыйзамдар кабыл алуу жана ишке ашыруу.
  • Социалдык тармактардын жеке маалыматты коргоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу.

🔹6. Жаштар менен түз иштөө

  • Жаштардын өздөрүн медиа долбоорлорго, подкасттарга, видеоблогдорго тартуу — алардын ой жүгүртүүсүн оң нукка бурат.
  • Ийгиликтүү жаштардын мисалын көрсөтүү аркылуу ролдук моделдерди жаратуу.
  1. Шаарда жаштардын эс алуусу, маданияты жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү

 

       Отчеттук мезгилде балдардын жана жаштардын эс алуусу, маданияты жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча системалуу жана комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул багытта жаштардын демилгелерин колдоо, таланттуу өспүрүмдөрдү өнүктүрүү, коомдук активдүүлүгүн жогорулатуу максатында ар түрдүү маданий, спорттук, социалдык, патриоттук жана ыктыярчылык иш-чаралары өткөрүлдү.

         Маданий иш-чаралар:

      - Балдарды коргоонун Эл аралык күнү (1-июнь) “Улуу мурас – балдардын жүрөгүндө” аттуу майрамдык программа уюштурулду. Программада мастер-класстар, концерттик номерлер жана оюн-зооктор өткөрүлүп, балдар үчүн кызыктуу конкурстар жана белектер берилди.

     - Кыздардын Эл аралык күнү, Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнү, Бүткүл дүйнөлүк волонтерлордун күнү ж.б. эл аралык күндөргө карата тиешелүү иш-чаралар уюштурулду.

      - 9-Май — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жаштар ыктыярчылык менен салтанаттуу иш-чараларга катышып, ардагерлерге жардам көрсөтүлдү.

      - Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү «Шаарды сүрөттөгөн жаштар» тасма сынагы, чыгармачыл сынактар жана патриоттук флешмобдор өткөрүлдү.

      -  3-март — Мамлекеттик Туу күнүнө карата шаардык борбордук аянтта жөө жүрүш жана салтанаттуу иш-чара уюштурулду, жаштар ак калпак кийип, мекенчилдик духту жогорулаткан флешмоб көрсөтүлдү.

       - 5-март — Ак калпак күнүнө карата майрамдык жөө жүрүш уюштурулуп, улуттук каада-салттар жана ак калпактын тарыхы тууралуу маалымдама берилип, улуттук баалуулуктарды урматтоо кеңири жайылтылды.

        Спорттук иш-чаралар:

      - “Мен чемпионмун” республикалык оюндарында жаш спортчулар алыш күрөш, эркин күрөш, бокс жана волейбол боюнча ийгиликтерди көрсөтүштү.

      - “Спорт менен келечекке” ири спорттук иш-чара өткөрүлүп, дене тарбия жана сергек жашоо өнүктүрүлдү.

      - Шахмат турнири, кичи футбол мелдештери жана шаардык, областтык спорттук таймаштар уюштурулду.

         Социалдык жана коомдук иш-чаралар:

      - “Биз СПИД илдетине каршыбыз” деген ураан астында жөө жүрүш жана түшүндүрүү иштери, флешмоб өткөрүлдү.

      - “Жол эрежесин сактайлы” акциясы — жакштар кеңешинин, студеттердин, мектеп окуучуларынын катышуусу менен жол коопсуздугу боюнча иш-чаралар уюштурулду.

      -  Аскердик даярдык боюнча сынактар жана даярдыктар өткөрүлдү.

      - Жаштар ыктыярчылык жана коомдук иштерге активдүү катышууда, карыларга жардам көрсөтүү жана кайрымдуулук иштери улантылды.

          Экология жана ишембилик:

  - Шаарды жашылдандыруу максатында көчөттөрдү тигүү жана ишембиликтер өткөрүлүп, жаштар экологияны сактоого тартылды.

 

  1. Шаарда коопсуздукту жана курчап турган ыңгайлуу чөйрөнү камсыздоо

 

Шаардагы балдар жана жаштар үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу боюнча отчеттук мезгилде: 

     - жашы жете электердин иштерин инспекциялоодо катталган балдардын саны 9 түздү. Бул көрсөткүч балдардын укуктарын коргоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында жүргүзүлгөн иштердин натыйжалуулугун чагылдырат.

      - Кыздарды 14-28 жаш аралыгында никеге мажбурлоо максатында жасалган кылмыштар боюнча факт катталган жок. Жалпысынан кылмыш жасаган жаштардын саны 5 болду, бул жаштар арасында мыйзам бузуулар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт.

      - Балдарга жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны отчеттук мезгилде 16 болду. Бул багытта укук коргоо органдары тарабынан бир катар профилактикалык иш-чаралар, рейддер жана түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.

      - Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында шаарда жалпы 10 ирет иш-чаралар уюштурулду. Аларга балдар менен жаштар арасында укуктук билим берүү, мыйзам бузуулардын кесепеттерин түшүндүрүү, коомдук угуулар, тренингдер, спорттук мелдештер жана маданий  иш-чаралар кирет. Мындай аракеттер жаштардын терс адаттардан алыс болушуна жана коомго интеграциялануусуна өбөлгө түздү.

        Мындан тышкары, мектептерде, бала бакчаларда жана коомдук жайларда коопсуздукту камсыз кылуу максатында атайын программалар ишке ашырылып, инфраструктура жакшыртылды. Социалдык кызматкерлер, милиция жана билим берүү кызматкерлери менен тыгыз кызматташтык балдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөттү.

        Жыйынтыктап айтканда, балдар жана жаштар үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча иш-чаралар ырааттуу жана системалуу негизде жүргүзүлүп, шаар аймагында оң өзгөрүүлөр байкалды.

 

  1. Шаарда балдардын жана жаштардын сапаттуу  мектепке чейинки тарбия жана орто билимге жетүүсүн камсыз кылуу

 

- Мектепке чейинки, башталгыч жана орто билим берүү мекемелерине тартылган балдар жана жаштардын жалпы саны – 5855.

Анын ичинде эркек балдар – 2930, кыздар – 2925.

 - Өнүгүүсүндө кемчиликтери бар балдардын ичинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын үлүшү – 10,%.

 - Балдар жана жаштар үчүн уюштурулган иш-чараларга катышкан жарандардын саны – 5000.

  - Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча өткөрүлгөн   иш-чаралардын саны – 20.

 -   Отчеттук мезгилде шаардагы мектепке чейинки, башталгыч жана орто билим берүү мекемелерине жалпы 5864 балдар жана жаштар тартылды. Алардын ичинен эркек балдардын саны 2954, кыздардын саны 2910 түздү. Бул көрсөткүчтөр балдардын билимге жетүүсүн камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн системалуу иштердин натыйжасын көрсөтүп турат.

 - Өнүгүүсүндө кемчиликтери бар балдардын жалпы санынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын үлүшү 10,2% түзөт. Бул категориядагы балдар үчүн атайын инклюзивдик программалар иштелип чыгып, алардын билим берүүдө, социалдык чөйрөгө кошулушунда колдоочу кызматтар уюштурулду.

 -  Отчеттук мезгилде балдар жана жаштар үчүн тарбиялык, маданий, спорттук жана билим берүү багытындагы ар кандай   иш-чараларга жалпысынан 5000 адам катышты. Бул иш-чаралар балдардын жана жаштардын өнүгүүсүнө, социалдык интеграциясына өбөлгө түздү.

- Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча өткөрүлгөн   иш-чаралардын саны 20 болду. Алардын катарында атайын тренингдер, семинарлар, конкурс-фестивалдар бар. Бул иш-чаралар билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.

    Жыйынтыктап айтканда, бул иштер шаарда балдардын жана жаштардын сапаттуу билим алууга жетүүсүн жана алардын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча маанилүү алгылыктуу кадамдар жасалган.

 

  1. Балдардын жана жаштардын шаардагы сапаттуу медициналык кызматтарга жетүүсүн камсыз кылуу

 

      - Отчеттук мезгилде медициналык кызматка кайрылган балдардын саны 2024-жылы 14 жашка чейинкилер 3000, өспүрүмдөр – 498,  2025-жылы азыркы күнгө чейин 14-жашка чейинкилер – 2968, өспүрүмдөр – 359.

  • ВИЧ/СПИД, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди колдонуу жана психоактивдүү заттардын зыяндуулугу боюнча уюштурулган  иш-чаралардын саны – 2024-жылы 33 семинар, 2025-жылга 12-семинар өткөрүлгөн.

      - Иш-чараларга катышкан балдар жана мугалимдердин жалпысынан 1884 адам катышкан анын ичинен 1781-окуучу, 103 мугалим ж.б.

         Отчеттук мезгилде шаарда медициналык кызматтарга кайрылган балдардын саны 6825 болду. Медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана саламаттыкты чыңдоо максатында бир катар профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

      - Балдар менен жаштар арасында ВИЧ/СПИД, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди колдонуу жана психоактивдүү заттар (баңги, насвай, электрондук сигареттер) зыяндуулугу боюнча маалымат берүү жана эскертүү иштери уюштурулду. Бул багытта жалпы 45- семинар өтүп, 1884 катышуучу (окуучулар жана мугалимдер) маалымат алышты.

        Иш-чаралардын негизги максаты – балдардын жана жаштардын ден соолугун коргоо, жаман адаттардан алыс болуусун камсыз кылуу жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

         Мугалимдерге жана тарбиячыларга психоактивдүү заттардын түрлөрү, алардын таасири тууралуу кеңири маалымат берилди жана балдардын жүрүм-турумуна көз салуу сунушталды.

        Бул иштердин жыйынтыгында шаардагы балдар менен жаштар арасында саламаттыкты сактоо багытындагы түшүнүк күчөйт жана ден соолугуна коркунуч туудурган факторлордун алдын алуу иштери активдешет.

 

  1. Шаарда турмуштук оор жагдайда турган балдарды жана жаштарды коргоо боюнча иштер

 

      - Отчеттук мезгилде турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын жалпы саны 2024ж.- 44, 2025ж. 6 айына карата  - 21 түзгөн. Ал эми  ата-энеси мигрант болуп, жакындарынын кароосунда калган балдардын саны 2024 жылы -1071, 2025-жылдын 6 айына карата 870 түзөт. Алардын социалдык абалын жакшыртуу жана коргоо максатында атайын мониторинг жүргүзүлүп, жардам көрсөтүү системасы ишке салынды.

     2025-жылдын июль-август айларында “Кайынды” балдар лагерине турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана аз камсыз үй-бүлөлөрдөн жалпы 50 бала акысыз эс алып келишкен. Мындан сырткары, балдарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында кыш мезгилине жалпы 200 аз камсыз           үй-бүлөнүн ар бирине 2000 сомдон акча каражаты бөлүнүп берилген.

  1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган 250 балага жергиликтүү бюджеттен 1000 сомдон, жалпы 250 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилип, 3000 даана балмуздак бекер таркатылган. Ошондой эле, балаты майрамында шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган 250 балага жаңы жылдык белектер берилип, Жалал-Абад шаарынан Барпы театрынын артисттери чакырылып, жаңы жылдык жомок тартууланган. 

    - 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата “Эдельвейс” кафесинде майрамдык иш-чара сый тамагы менен уюштурулуп, ал эми 180 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 500 сомдон жалпы 90 мин сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген.

    - Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана балдар менен жаштарды коргоо багытында шаарда стратегиялык документтер, анын ичинде балдарды жана жаштарды коргоо боюнча комплекс чаралар планы иштелип чыгып, кабыл алынды. Бул план боюнча зомбулукка кабылган балдарга психологдук, укуктук жана социалдык жардам көрсөтүү механизмдери иштеп жатат.

    - Координацияланган иштер аркылуу мэрия, социалдык кызматтар жана коомдук уюмдар бири-бири менен тыгыз кызматташып, турмуштук оор кырдаалдагы балдарга тез жардам берүү, аларды коргоо жана кайра социалдаштыруу боюнча программаларды жүзөгө ашырууда.

- Натыйжада шаарда турмуштук оор кырдаалдагы балдар менен жаштардын коопсуздугу жана социалдык жактан корголушу камсыздалып, алардын адекваттуу колдоого ээ болушу жакшыртылды.

 

  1. Корутундулар жана сунуштар

 

      Кара-Көл шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актыларына, нормативдик укуктук актыларына жана ведомстволор аралык кызматташуунун негизинде балдардын жана жаштардын укуктарын, кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен ырааттуу жана максаттуу мамлекеттик саясатты жүргүзүп келүүдө.

      Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, балдардын жана жаштардын социалдык абалын жакшыртуу, билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү кылуу, маданий жана спорттук потенциалын ачуу, коопсуз чөйрө түзүү багытында бир катар маанилүү иштер аткарылды.

Атап айтканда:

  • Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине тартылуу жогору деңгээлде камсыз болду;
  • Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана жаштарга социалдык жана материалдык жардам көрсөтүлдү;
  • Балдарга арналган оюн аянтчаларын жаңылоо жана жаңы курулуштар башталды;
  • Жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алууга катышуусу кеңейтилди;
  • ВИЧ/СПИД, зыяндуу адаттар жана киберкоопсуздук боюнча алдын алуу иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлдү;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик чөйрө жаратуу чаралары көрүлдү;
  • Коомдук бирикмелер жана жарандык коом менен тыгыз кызматташтык аркылуу жаштардын демилгелерин колдоо улантылды.
  • Бул иш-аракеттер шаардагы балдардын жана жаштардын өнүгүүсүнө, коомго аралашуусуна жана толук кандуу турмушка ээ болушуна өбөлгө түзүүдө.

Сунуштар:

     Мэрия төмөнкү багыттар боюнча ишти мындан ары да улантууну жана өркүндөтүүнү сунуштайт:

  • Билим берүү жана медиа сабаттуулук
  • Мектептерде жана ЖОЖдордо санариптик жана медиа сабаттуулукка багытталган атайын предметтерди киргизүү.
  • Жаштарды фейк маалыматтардан, кибербуллингден жана интернет көз карандылыктан коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү.
  • Психологиялык жана укуктук колдоо системасын бекемдөө
  • Ар бир мектепке жана коомдук борборго психологдорду жана социалдык кызматкерлерди тартуу.
  • Анонимдүү онлайн кеңеш берүү платформасын түзүү.
  • Инфраструктураны өнүктүрүү
  • Балдар үчүн коопсуз жана заманбап оюн аянтчаларын куруу иштерин улантуу.
  • Инклюзивдик билим берүү мекемелеринин жана бала бакчалардын санын көбөйтүү.
  • Жаштардын жарандык активдүүлүгүн кеңейтүү
  • Жаштар кеңештерин жана консультациялык органдарды күчөтүү.

 

  • Жаштардын демилгелерин колдоого багытталган гранттык программаларды түзүү.
  • Медициналык тейлөө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
  • Балдар жана жаштар үчүн профилактикалык текшерүүлөрдү кеңири жайылтуу.
  • Зыяндуу адаттардын алдын алуу боюнча семинарлардын, тренингдердин санын көбөйтүү.
  • Турмуштук оор кырдаалдагы балдарга көмөк көрсөтүү
  • Мигранттардын балдарына системалуу мониторинг жана психо-социалдык колдоо уюштуруу.
  • Зомбулукту алдын алуу боюнча кабыл алынган план боюнча иш-чараларды ырааттуу жүргүзүү.

Жыйынтык

      Кара-Көл шаардык мэриясы балдардын жана жаштардын коопсуз, билимдүү, маданияттуу жана ар тараптан өнүккөн жарандар катары калыптанышына шарт түзүү багытында өз ишмердүүлүгүн мындан ары да улантат. 

     Биздин максат – Кара-Көл шаарын балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана өнүккөн шаарга айландыруу.

Бул багытта ар бир жаш жарандын үнүн угуу жана алардын активдүү катышуусу негизги артыкчылык катары каралат.