Көрүүсү начарлар үчүн версия

15.09.2026

Кароолор: (87)

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси болуп Женбеков Мирлан Кукушович дайындалды. Ал 15-сентябрдан тартып өз ишине киришти.

Мирлан Женбеков 1983-жылдын 4-апрелинде Кара-Көл шаарында туулган.

2001-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына тапшырып, 2016-жылы Ош мамлекеттик университетин «Юриспруденция», «Юрист» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолунда бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Анын ичинде Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы, Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри, «Мегаконтинент» ЖЧКсынын юристи жана «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКсында жемкорлукка каршы атайын өкүл, Жарандык коргонуу штабынын начальниги болуп иштеген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы биргеликте өткөргөн «КР муниципалдык башкаруу» аттуу квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.