Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.12.2024

Кароолор: (12)

Кара-Көл шаардык мэриясы 3-декабрь “Майыптардын эл аралык күнүнө” карата сый тамак уюштурду

Кара-Көл шаардык мэриясы 3-декабрь “Майыптардын эл аралык күнүнө” карата сый тамак уюштурду. Шаар мэри Нуртилек Орозбаев, төрага Чыңгыз Кимсанов жана шаардык кеңештин депутаты Чынтемир Боржуев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын облустук 13-спартакиада

ийгилик жаратып келген жарандарыбызды мэриянын ардак грамотсы менен сыйлады. Ал эми 200 үй-бүлөгө акчалай жардам тапшырылды. Майыптар күнүнө карата кечээ, балдар арасында “Өзүндөн башта” аталышында спорттук оюндар боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Анда аркан тартыш, көл күрөш, топ таш, түртүп чыгармай, таяк менен урмай жана башка улуттук оюндун түрлөрүнөн күч сынашть. "Энергетик" спорт комплексиндеги мелдешти шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби менен мэрия биргеликте уюштуруп, катышуучуларга белектер берилди. 6 жаштан 17 жашка чейинки балдар катышты.