15.09.2026
Кароолор: (43)
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXI СЕССИЯСЫ ӨТТҮ
14-сентябрда Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXI сессиясы болуп өттү. Ага шаар мэри Азамат Турдубеков, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов жана 23 эл өкүлү катышты.
Сессиянын күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер каралды.
Алардын катарында шаардагы Чоң-Таш көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 3,6 гектар болгон муниципалдык жер тилкесине «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тарабынан көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү маселеси каралды.
Ошондой эле шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган батирлерди жана Ажиматов көчөсүндөгү №9 үйдүн №2 батирин менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө маселе талкууланды.
Мындан тышкары, шаардык кеңештин 2025-жылдын 25-декабрындагы №85/12-9 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү (көрүстөндөрдө, көмүү жайларында кызмат көрсөтүү), ошондой эле 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде жергиликтүү бюджеттен, атайын жана башка каражаттардын эсебинен аткарылган курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштерине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин (шаар ичиндеги жогоруда көрсөтүлгөн мезгилдеги оңдоо-түзөөдөн өткөн объектилер боюнча) жыйынтыгы каралды.
Ошондой эле жетинчи маселе катары кыргыз тили мугалими Аблакулова Салимага эл агартуу тармагына кошкон үзүрлүү эмгеги үчүн шаардын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу маселеси каралды.
Сессияда М. Сабиров көчөсүндөгү №23 «А» дарегинде жайгашкан Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын имаратын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп алуу маселеси да каралды.
Ошондой эле Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан муниципалдык ишканага таштанды ташып чыгаруу үчүн атайын техника сатып алууга макулдук берүү маселеси талкууланды.
Күн тартибиндеги акыркы ар түрдүү маселелерде окуу жылынын башталышында шаардын алыскы аймактарынан шаардагы мектептерге каттап окуган окуучуларды маршрутка менен камсыздоо маселеси жөнүндө да сөз болду.
Жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелердин бары шаардык кеңештин депутаттарынын колдосуна татып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.



