25.09.2026
Кароолор: (48)
КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн, 25-сентябрда Кара-Көл шаарында 23-сентябрда башталган «Өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жаралганда жана катталган учурда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери» аттуу командалык-штабдык машыгуу жыйынтыкталды.
Машыгуу Кыргыз Республикасынын Президенти — Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы С. Н. Жапаровдун 2026-жылдын 29-январындагы «2026-жылга Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө» №20 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга карата жарандык коргонууну даярдоо планынын негизинде уюштурулду.
Иш-чарага Кара-Көл шаарынын мэри, шаардык жарандык коргонуу штабынын башчысы Азамат Турдубековдун жетекчилиги астында жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары жана тиешелүү күчтөрү катышты.
Машыгуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жаралган же катталган учурда башкаруу органдары менен күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу, даярдыгын жогорулатуу жана коюлган милдеттерди аткаруу боюнча практикалык иштер жүргүзүлдү.
Машыгуу жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгын чыңдоого, биргелешкен иш-аракеттерди өркүндөтүүгө жана калктын коопсуздугун камсыз кылууга багытталды.

