Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.08.2023

Кароолор: (53)

Кадр саясаты жөнүндө тегерек стол

     Бүгүн, 2023-жылдын 23-августунда мэриянын кичи жыйындар залында мекемелердин жетекчилери, мэриянын аппараты жана мекемелердин кадр иштери боюнча адистеринин катышуусунда кадр саясаты жөнүндө тегерек стол өткөрүлдү. 

     Тегерек столдо шаар аймагында кадр саясаты тууралуу талкуу жүргүзүлүп, мэриянын  аппаратында мэрияга жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, мамлекеттик органдарда кадрларды, анын ичинен мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин тандоо жана жайгаштырууну, талапкерлердин кесиптик жана моралдык адеп-ахлактык сапаттарынын, гендердик теңчиликтин жана жынысына, улутуна жана тилине, ошондой эле майыптыгына карабастан басмырлоону жокко чыгаруунун негизинде гана ишке ашыруу менен мамлекеттик башкаруунун кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинен адам укуктарын сактоону камсыз кылуу, ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына аброюна шек келтирилген, мурда коррупциялык кылмыштарга катышкан адамдардын дайындалышына жол бербөө боюнча чараларды көрүү менен мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында иш жүргүзүү зарыл экендиги белгиленди.