20.03.2024
Кароолор: (79)
“Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыкка өзгөртүү киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” ПЖ №1 Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.
Адамдардын өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” ПЖ №1 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилсин:
1) ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча;
2) салык кызматынын органдары;
3) бажы органдары;
4) тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча текшерүүлөрдү;
5) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.”.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен биргеликте эки жумалык мөөнөттө:
– мамлекеттик органдар тарабынан ишкердик субъекттерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү эсепке алуу системасына талдоо жүргүзсүн;
– жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун баалоо менен ишкердик субъекттерине карата текшерүүлөрдү эсепке алуу механизмин иштеп чыксын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.