23.12.2024
Кароолор: (17)
III ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА КАТЫШУУ ҮЧҮН 2 ДЕЛЕГАТ ШАЙЛАНДЫ

III ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА КАТЫШУУ ҮЧҮН 2 ДЕЛЕГАТ ШАЙЛАНДЫ
Бүгүн, 7-декабрь, "Энергетик" маданият үйүндө жергиликтүү өкүлчүлүктүн жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы Чыңгыз Кимсанов, шаардык кеңештин депутаттары катышты.
Алгач, төрага Элдик курултай тууралуу жана ага шаардан бара турган 2 делегатты шайлоо тартиби боюнча түшүндүрүп берди.
Жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга аймак-аймактардан шайланып келген жүздөй делегат катышып, алар сунушталган 10 талапкерге добуш беришти. Көпчүлүк добушка ээ болгон 2 кандидат
lll Элдик курултайга өкүл болуп шайланышты.
Алар: Калпакбаев Мирлан Калпакбаевич, Азимжанов Алмазбек Азимжанович
Шаар ичиндеги көйгөйлүү мамлекеттик деңгээлдеги маселелер талкууланып, орчундуу делген 3 маселе добушка коюлуп, тандалып алынды.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында III Элдик курултай өтөт. Ага катышкан делегаттар курултай аякташы менен автоматтык түрдө делегаттык статусунан ажырайт.